super.kg logo

Премьер-министр Баткенде селден жабыркаган 32 үйдүн кожоюнуна материалдык жардам көрсөтүү боюнча сертификаттарды тапшырды

 

Бүгүн, 25-июнда премьер-министр Темир Сариев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Лейлек районундагы Ак-Арык жана Исхак Раззаков айылдарындагы 8-июнда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селдин кесепетин жоюу боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында райондун аймагындагы тогуз айылда 207 турак үйгө суу кирип, онго жакын социалдык объект, ички чарбалык жолдор, сугат каналдары жабыркап, жалпысынан 96 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр селден жабыркаган эл менен жолугушуп, баарлашты. Анда жабыркагандар селдин кесепетин жоюу боюнча иштерди тездетүү өтүнүчү менен кайрылды. Темир Сариев Кулунду айылында турак жайлары таптакыр жарактан чыгып калган жарандарга 18 гектар жерди трансформациялап, бөлүп берүү иштерин жакын арада чечип берүүнү убадалады. Ошондой эле селден улам жараксыз абалга келген 32 үйдүн кожоюнуна материалдык жардам көрсөтүү боюнча сертификаттарды тапшырды.

Мындан тышкары айылдык фельдшердик пункт да жарактан чыгып калгандыгы белгилүү болду жана премьер-министр өзгөчө кырдаалдар министрине имаратты жаңыдан куруп берүү тапшырмасын койду. Андан соң өкмөт башчы аталган айылга кетүүчү жаңы жолдун салынышын көзөмөлдөп, анын сапатына канааттанбагандыгын белгиледи жана бул маселени териштирүү тапшырмасын берди.

“Өкмөт тарабынан табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырма берилген, ал иш-чаралардын ишке ашырылышына көзөмөл коюлуп, талап катуу болот. Кырсыктын кесепетин жоюуда жергиликтүү элдин да көмөгү зарыл, мамлекеттин кубаттуулугу – эл биримдигинде, ошондуктан биргеликте аракеттенүү керек. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берилген көмөктү калыс жана мыйзам чегинде бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл буруусу тийиш”,- деди ал.

Андан соң Темир Сариев Раззаков айылына барып, селдин кесепетин жоюу иштери менен таанышып чыкты. Белгилүү болгондой, анда жарактан чыгып калган айылдын 2 көпүрөсүн калыбына келтирүү тапшырмасы берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: