Бишкекте таштандыга төлөнчү тарифтик баа 50 пайызга көбөйтүлөт




Бишкекте таштандыга төлөнчү тарифтик баа 50 пайызга көбөйтүлөт. Бул маселе бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын жыйынында талкууга алынды. Маалым болгондой, жарандар бир айга таштандынын чыгарылышына 22 сом 50 тыйын төлөшөт, жаңы тариф ушул жылдын 1-июлунан баштап кириши мүмкүн.
Ал эми юридикалык жана бюджеттик мекемелер үчүн төлөм айына 225 сомду түзөт. Тарифтер алар үчүн 1-январдан кирүүсү ыктымал.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников 3-4 миң сом алган пенсионерлер да 22,5 сом төлөшүнө каршы экендигин билдирди.
Айта кетсек, буга чейин пенсионерлер акыр-чикирдин чыгарылышына 4 сомдон төлөп келишкен. Жыйын жүрүшүндө алар 22,5 сом эмес, 8 сомдон төлөшү мүмкүндүгү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.