Жогорку Кеңеш акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматтан бошотту

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаевди кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Тиешелүү токтом бүгүн, 25-июнда жактырылды. Добуш берүүдө 56 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берди.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча үч парламенттик фракциянын сунушун жактырды.
10-июнда Жогорку Кеңеш Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берген.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0