super.kg logo
  Саясат  

Эртең Жогорку Кеңештин депутаттары Давыдов мөңгүсүн талкалоого уруксат берүүчү демилгеге добуш беришет

 
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Ага ылайык, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук берилмекчи.
Талкуу жүрүшүндө "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдү көчүрүү демилгеси жаатында бир катар кайчы пикирлер айтылды. Айрым депутаттардын пикиринде, бир ишкана үчүн эки мөңгүнү жок кылуунун зарылдыгы жок. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Ал эми өкмөт өкүлдөрү эл өкүлдөрүн мыйзам долбоорун кабыл алууга жана "Кумтөрдөгү" техногендик кыйроого жол бербөөгө чакырышты.
Аталган мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин 26-июндагы кезексиз жыйынында добуш берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: