Туратбек Мадылбеков: "Ата Мекен" фракциясы Суу кодексине толуктоо киргизүүгө каршы добуш берет"
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Анда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков: "Биз, "Ата Мекен" фракциясы, бүгүнкү каралып жаткан Суу кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамга каршы добуш беребиз. Зарыл болсо, биз элди аралап бул мыйзамдын маани-маңызын түшүндүрөбүз.
Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды каршы добуш берүүгө чакырабыз. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекеттик деңгээлдеги документтерди алып келгендин ордуна, кайдагы бир кагазды көтөрүп келип, ушул жерде отурган 120 депутаттын башын айландырууда",- деди.
Буга чейин аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, фракциянын жаш
депутаты Жоомарт Сапарбаев 2 күн катары менен “Кыргыз Республикасынын Суу
кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланышкан
маселелердин айланасында атайын маалымат жыйындарын өткөрүп, мыйзамдын маңызын
журналисттерге түшүндүрүп беришкен.
кошулду

Токтогул суу сактагычы боюнча суроо которулобу деги же куураганда чечилеби?