Бишкектин троллейбустук паркы келерки жылы жаңы 40 троллейбуска толукталып, жаңы каттамдар пайда болушу мүмкүн





Бишкектин троллейбустук паркы келерки жылы жаңы 40 троллейбуска толукталып, жаңы каттамдар пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынын жыйынында вице-мэрдин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий билдирди. Анын айтымында, учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен 5 миллион евро насыя түрүндө жана 2,9 миллион евро грант түрүндө берилиши туурасында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
“Сүйлөшүүлөр бүгүнкү күндөгүдөй жакшы жүрсө, буюрса, 2016-жылы аталган 7,9 миллион еврону алып, 40ка жакын троллейбус алабыз деп турабыз. Алардын баасы 150 миң евродон 400 миң еврого чейин турат.
Учурда Бишкекте бир маалда 100гө жакын троллейбус жүрүп, шаардыктарды тейлөөдө. Дагы 80 троллейбус чыкканга шарт бар. Ошондуктан жаңы троллейбустар бизге ашыктык кылбайт”,- дейт Милицкий.





1 |