super.kg logo

Уланбек Нуркулов: "Биздин жарандар дарыгерлер жазып берген дарыларды кымбатына карабай алууга аргасыз болушууда"

 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланды. 

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Уланбек Нуркулов республиканын аймагындагы дарыканаларда дарылардын баалары ар түрдүү жана кымбаттыгын белгиледи. 

"Биздин жарандарыбыз дарыгер жазып берген дарыларды кымбаттыгына карабай алууга аргасыз болушууда. Өлкөдөгү дары саясатын, аларга коюлган бааларды жөнгө салуу жагын карап чыксаңыздар, элге жакшы болот эле",- деп саламаттыкты сактоо министринин орун басарына кайрылды.

Ошондой эле депутат Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк кардиология бөлүмүнө чет элден келген 1,5 миллион долларлык кымбат баалуу жабдуу абдан начар жерде сакталып тургандыгын айтып, жабдуулар качан орнотуларына кызыкты. Министрдин орун басары азыр бул багытта иш жүрүп жатканын айтып, жабдуулар жакын арада Түштүк кардиология бөлүмүнө коюлуп, 1-сентябрдан тарта элди тейлей баштаарын билдирди. Жүрөк-кан тамыр оорулары күчөп турган азыркы абалда аталган жабдуунун тез аранын ичинде орнотулушу түштүк эли үчүн чоң белек болорун депутат баса белгиледи. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.06.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-Мекен да белсене киришиптир. Дурус...
26.06.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Medina87,шайлоо жакындап калдыда
25.06.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ.сиздерден сураныч антимонополиялык комитетке суроом бар эле,кантип,каякка суроо жоното алам,аябай зарыл болуп жатат.
26.06.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika1405, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, сурооңузду калтырып койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=93
26.06.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан коро россиядагыдай медицинский полис менен медицинский мекемелерди бекер тейлей турган кылбайсынарбы?
26.06.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык медиктердин ашказанын кесип, уйбулосуз кылып иштетиш керек.

Же айлыктарды жогорулатып, эн аз дегенде 40000~50000 сом болуш керек, ошондо элди бекер дарыласак болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: