super.kg logo

Ош. Сугат суу агуучу арыктарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

 

Ош шаарындагы жолдордун жээгиндеги сугат суулары агуучу арыктарды кайра калыбына келтирүү иштери 5-июндан баштап кызуу жүрүп жатат. 25-июнь күнү калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев оңдоп-түзөө иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

“Шаардагы Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба-комбинатынын балансында 140 миң чакырым узундуктагы арык бар. Анын ичинен бүгүнкү күндө 80 миң чакырым келген арыктан суу агат, калган 60 миң чакырымында суу акпай калган. Мына ошол шаарыбыздын калган көчөлөрүнүн жээктериндеги арыктардан суу агып турса микроклимат тазарып, жол боюндагы бак-дарактар сугарылат. Ушул багытта жергиликтүү бюджеттен 6 миллион сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп, учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат”,-деди А.Кадырбаев.

Ал эми Ош шаардык турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиев төмөнкүлөргө токтолот: “Жаан жааган убактарда арыктардан суулар ашып жатат. Ош шаарынын тарыхында мындай ирригациялык жумуштар биринчи жолу аткарылып жатат, анткени СССР тарагандан бери бир да жолу сугат суулары агуучу арыктар тазаланган эмес. Биз бүгүн мэриянын колдоосу менен бул маселени чечип, арыктарды тазалап жатабыз”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: