super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөлөрдөгү согуштарга катышкан адамдарды 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда

 
Террористтик уюмдар тарабынан жалданып чет өлкөлөрдөгү согуштарга катышкан адамдарга карата жаза чаралары күчөтүлүүдө. Жогорку Кеңеш 25-июнда буга тиешелүү “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Мыйзам долбоору эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын, жалданма согушчан топтордун аракетине каршы күрөштү жандандыруу максатында иштелип чыккан.

"Террористтик уюмдар тарабынан жалданган жана өлкө аймагынан сырткары жерлерде атайын согуш даярдыгынан өткөн адамдарга карата 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттөгү жаза чаралары каралат. Ал эми алдын ала макулдашып алган адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштар үчүн 12 жылдан 15 жылга чейинки жаза чаралары каралууда",- дешти демилгечилер.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: