super.kg logo
  Саясат  

Эмил Аксамаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде, КРнын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Эмил Аксамаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулду. Бул тууралуу 26-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Аксамаев Эмил Маликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруудан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: