“Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы июль айында өтүшү мүмкүн

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мейкин Азия” II Эл аралык сынагы 22-26-июль күндөрү өтүшү мүмкүн. Бүгүн, 26-июнда Маданият,
маалымат жана туризм министрлигинде фестивалды уюштуруу иштери талкууланат. Ага маданият министри Алтынбек Максүтов, Улуттук маданий борбордун башкы директору Рыскул Боромбаев катышат.
Кошумчалай кетсек, “Мейкин Азия” фестивалы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда 2013-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн. Анын жыл сайын өткөрүлүп турары айтылганы менен, 2014-жылдын 16-20-июлуна белгиленген популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы фестиваль акча каражатынын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөй калган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Фестивалдын негизги максаты - чыгармачылык диалог аркылуу дүйнөлүк маданий
мурастарды сактоо, жаш, таланттуу аткаруучуларды аныктоо жана колдоо,
Кыргыз Республикасынын эл аралык туризм индустриясын өнүктүрүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurjan_92sport

26.06.2015. 10:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагь мумкунбу ?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.