Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербургдун губернатору менен жолугушту
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болуп, аталган шаардын губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан бүгүн, 26-июнда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болду. Георгий Полтавченко конокторду тосуп алып, соода-экономикалык багытта кызматташтык мындан ары уланарына үмүт артарын билдирди. Өз кезегинде К.Кулматов эки шаардын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, илимий-техникалык жана маданият тармагында кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















