Ош шаарынын окуучулары жайкы лагерлерде эс алышууда






Мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун көңүлдүү уюштуруу максатында Ош шаары боюнча 15-июндан 27-июнга чейин 16 мектеп алдында ачылган лагерлер иштеп, анда социалдык коргоого муктаж 640 окуучу эс алууда. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, бир балага күнүнө 30 сом жумшалат.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, бекитилген режимге ылайык, лагерлер эртең мененки саат 8:00дөн баштап 15:00гө чейин иштеп, балдарга эртең менен жана түштө ысык тамактар берилүүдө. Ошондой эле окуучулардын көңүлдүү, эсте каларык эс алуусуна шарт түзүлүп, маданий программалар, оюн-зооктор тартууланууда. Мындан сырткары шаардагы көрүнүктүү жерлерге, музейге жана бассейндерге акысыз барып келүүсү жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланууда.
Мектеп алдындагы эс алуу аянтчаларынан сырткары калаадагы кесиптик кошуундардын “Жеткинчек” эс алуу лагерине балдар үйлөрүндө жана үй-интернаттарында тарбияланып жаткан 50 окуучу 16-июндан 26-июнга чейин эс алууга жиберилди. Ал эми 6-июлдан баштап “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан Ош технологиялык университетинде 8-9-10-класстын окуучу кыздары үчүн кесипке багыт берүү максатында жайкы мектеп ачылып, эс алуу менен ширелишкен окутуу жүргүзүлөт. Ошондой эле “Миротворчество” коомдук уюму тарабынан Өзгөн районундагы “Солнечный” лагерине ынтымак, достукту күчөтүү максатында кыргыз жана өзбек улутундагы 40 окуучу 3-июлдан 12-июлга чейин жиберилет.
“Эс алууну окуу менен айкалыштыр” деген акциянын алкагында англис тилин сүйүүчү окуучулар үчүн Ысык-Көлдө лагерь уюштурулуп, учурда окуучулар катталууда. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да четте калтырылбастан, инклюзивдик окууга алынган 30 окуучу “Пансионат Ош” эс алуу жайында болушту. Ушул эле фонд тарабынан өткөрүлгөн акцияда “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоосун кандай деп ойлойсуң?” деген темада эссе жазышып, мыкты жазган 30 окуучу Жалал-Абад шаарында 3 күн эс алып келди.
