super.kg logo
  Саясат  

Эксперт: "Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоору педофилдерге карата жазаны күчөтөт"

 
Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбооруна ылайык, жашы жете балдардын жыныстык кол тийбестик боюнча укуктарын бузган адамдарга карата жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган долбоордун үстүнөн иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү Лейла Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, мындай кылмыштар "тараптардын элдешүүсү" аркылуу чечилбей калат. "Азыркы кодекске ылайык, жашы жете элек балдарга карата кылмыш жасаган адамдар мунапыс аркылуу абактан чыга алышат. Ал эми сунушталып жаткан жаңы долбоордо "зордуктоо" беренеси боюнча эркинен ажыратуу мөөнөтү бир топ узак каралып, кылмышкерди мөөнөтүнөн мурда бошотпоо белгиленген",- деди Сыдыкова.
Жыйынтыгында долбоор биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: