Баткенде 15 жүк ташуучу унааны текшербей өткөрүү үчүн салмак көзөмөлдөөчү кызматкерге пара берген жаран кармалды
Баткенде жүк ташуучу компаниялардын биринин өкүлү пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 26-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, Б.К. аттуу жаран Кадамжай районундагы жүктөрдүн салмагын көзөмөлдөөчү "Көк-Талаа" өткөрүү бекетинин кызматкерине салмагы нормадан ашкан 15 жүк ташуучу унааны текшербей өткөрүү үчүн акча сунуштаган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Б.К. аттуу жаран кармалды. Факты боюнча "пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.