УКМКнын кызматкерлери менен ок атышуудан соң качып кеткен кылмышкерлер 25-апрелден бери издөөдө жүргөнү белгилүү болду
Кылмышкерлердин бири 24 жаштагы Альберт Абхинди.

Бишкекте изделип жаткан казакстандык кылмышкерлер 25-апрелден бери издөөдө жүрүшкөнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
"Жатак-абагына киргизилген кылмышкерлер менен эмгек келишими түзүлөт. Анын негизинде алар эркиндикте жүрүп, белгилүү бир убакытта абакка келип турушат. Казакстандык жарандар да жатак-абакта болгондуктан, эркиндикте жүрүшкөн. Бирок 25-апрелден тартып өздөрүнүн жүрүм-туруму тууралуу маалымат бербей коюшканда аларга издөө салынган. Азыркы тапта кармала элек",- деди Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы.
25-июнда алардын кайсы жерде экени маалым болгондо кылмышкерлерди кармоо иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда ок атышуу орун алып, кылмышкерлер качууга үлгүрүшкөн.
25-июнда алардын кайсы жерде экени маалым болгондо кылмышкерлерди кармоо иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда ок атышуу орун алып, кылмышкерлер качууга үлгүрүшкөн.
Кылмышкерлердин бири, 24 жаштагы Альберт Абхинди борбордогу Биринчи Май райондук соту "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды,
бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери боюнча 4 жылга эркинен
ажыраткан. Ал эми 27 жаштагы Жанболот Амиров "чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды,
бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери менен Чүй облустук соту тарабынан 3 жылга кесилген. Казакстандык жарандардын абактан качуусу боюнча Жаза аткаруу кызматы кылмыш ишин козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.