“Ош-Тазалык”: "Салиева көчөсүндө таштанды челектери атайын өрттөлгөн жок, 59 миң сом турган челекти өрттөө туура эмес”

Буга чейин SUPER.KG порталында Ош шаарында тазалык кызматы таштандыларды алып кетпей жатканы тууралуу жаңылык жарык көргөн. Whatsapp аркылуу бизге байланышкан окурман Салиева көчөсүндөгү №51, 53, 55-үйлөрдүн жанындагы таштанды челектери убагында бошотулбай, ичиндегилер өрттөлүп жатканын билдирген. Бүгүн, 26-июнда "Ош-Тазалык" ишканасынын өкүлдөрү байланышка чыгып, таштанды челегинин өрттөлүшү боюнча өз пикирлерин билдиришти.
"Аталган көп кабаттуу үйлөрдүн жанында турган контейнерлерге ошол көчөдө жайгашкан кафе-ресторан, самсаканалар таштанды төгүшөт. Айрым учурда тамактануучу жайлар өчө элек чок аралашкан күлдөрүн төккөндө жана селсаяктар от жакканда жалын тутанып, таштанды челегинин ичиндегилер күйүп кетип жатат.
Таштанды өрттөөдө "Ош-Тазалык" ишканасынын эч кандай кызыкчылыгы жок, себеби өрттөлгөн сайын таштанды челектеринин сыры кетип, сапаты бузулат. Алты жарым кубдук бул контейнерлердин ар бири 59 миң сомдон турат. Ошондуктан буларды өрттөө биз үчүн эч кандай пайда алып келбей тургандыгын айтабыз. Бул боюнча шаар тургундарына ар дайым эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Таштандыларды болсо биздин кызматкерлер графиктин негизинде өз убагында алып, тазалап турушат",- дейт ишкана жетекчиси Талантбек Капаров.



1 |