Бишкек медициналык колледжинен диплом сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Бишкек медициналык колледжинде дипломду жасалмалаган факты аныкталды. Бул тууралуу 26-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, 2013-жылдын башында К.Н. аттуу студент окууга жөнү жок барбагандыгы үчүн колледждин 3-курсунан чыгарылган. Ошол эле жылы окууга кайра кабыл алынган. Окуу жылы бүтө элегине карабастан, 2800 доллар өлчөмүндөгү акчага Бишкек медициналык колледжин бүткөндүгү жөнүндө диплом алган.
Факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nelya88

27.06.2015. 09:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийин барып дагы бир жерге акча берип жумушка орношот да,мээсинде эч нерсе жок эле ой-келди даарылай беришет...Мед.академия,мед.училищедегилердин баары азыркы учурда акча аркылуу гана окууларын бутурушуп,врачтарыбыздын билим денгээли абдан эле томон,кантсе да элибиздин ден-соолугу,омуру аларга коз-каранды болуп жатпайбы!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.