super.kg logo

Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин вице-спикери: "Мар Байжиев - мезгилдин драматургу"

 

Кечээ, 25-июнда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында кыргыз адабиятынын классиги Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" аталышындагы пьесасы боюнча коюлган спектаклдин бет ачары болду. Ага быйыл 80 жылдыгын белгилеп жаткан автор өзү да катышты.

Режиссёр Валерий Крайнов кайрылган бул пьеса 1978-жылы жазылса да, актуалдуулугун бүгүнкү күнгө чейин жоготкон эмес. “Кыз-күйөө” пьесасы турмуш, сүйүү жана чыккынчылык сыяктуу түбөлүк темаларды камтыгандыктан, көрүүчүнү өзүнө тартат. 

Премьерага келген көрүүчүлөр театрдын эмгегин жогору баалашты. Колуктунун ролун Нина Чернышева, күйөөнүн ролун Владислав Алехин жогорку чеберчиликте аткарышты. Эне менен судьянын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эл артисти Лариса Любмудрованын чеберчилигин айтпай кетүүгө болбойт. Алардын катарында Алина Быкова менен Никита Салимбаев дагы бар.    

Спектакль аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева автор менен театрдын жамаатына ыраазычылык билдирди.

“Мар Байжиев - мезгилдин драматургу. Анын бүгүнкү күндүн нравалык суроолоруна жооп берген мыкты чыгармалары дүйнө жүзүндө коюлуп келе жатат. Ошондуктан театрдын мына ушул чыгармага кайрылганына абдан кубанычтамын. Мыкты спектакль гана эмес, биздин жаш көрүүчүлөр сабак ала турган театралдык мыкты эмгек болуптур”,- деди А.Сасыкбаева.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: