super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Австралияга каршы футболдук беттештеги баш аламандык боюнча Спорт агенттигин айыптуу деп таап, башчысына сөгүш жарыялады

 

Өкмөт башчы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешовго сөгүш жарыялады. Муну бүгүн, 26-июнда өкмөттө өткөрүлүп жаткан жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, 16-июнда Австралия футбол курамасы менен жергиликтүү футболчулардын беттеши мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн. Бирок буга карата тиешелүү даярдык болгон эмес. 

“Атайын билет сатып алып футбол көрөм деген эл көчөдө калды. Бул боюнча учурда Ички иштер министрлигине тапшырма берилип, баш аламандык уюштургандарга карата иш козголду. Эл билети туруп, стадионго кире албай калган соң, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги күнөөнү, 
Кыргыз Республикасынын 
Австралия менен болгон оюнуна билет сатып алып кире албай калгандар боюнча маселени Футбол федерациясына түртүп койду. Агенттик ири иш-чара өткөрүүгө даяр эместигин көрсөттү”,- деди Сариев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: