super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз студенттери Бүткүл дүйнөлүк Жайкы Универсиадага катышышат

 
2015-жылдын 3-14-июль күндөрү Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтө турган студенттер арасындагы эл аралык спорттук таймашка Кыргыз Республикасынын атынан 23 студент катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын студенттери спорттун 4 түрү боюнча: дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча ат салышат. 

Студенттик спорттун федерациясынын вице-президенти Эркинбек Абдылбаевдин айтымына караганда, кыргыз студенттери оор салмак категориясындагы таэквондо боюнча мыкты даярдыктар менен баратышат. «Биздин делегациянын катышуучуларынын арасында Азия чемпиондугунда V орунду алган Бектур Рысмамбетов жана күмүш медалдын ээси Азамат Бектурсунов бар. Тилекке каршы, бул таймашка оор салмактагы Юра Краковецкийдин катыша албай калгандыгы өкүнүчтүү. Болбосо биздин медалга жетишүү мүмкүнчүлүгүбүз мындан дагы көбүрөөк болмок. Ал ушул күндөрү Монголияда боло турган лицензиондук турга даярданып жатат»,- деди ал.

Кореяда өтө турган Жайкы Универсиадага карата форманын атайын жаңы дизайны даярдалып, спортчуларга берилди. Формада өлкөнүн желеги жана герби чагылдырылган. Таймаш спорттун бадминтон, баскетбол, бейсбол, суу полосу, волейбол, гандбол, гольф, дзюдо, жеңил атлетика, стол тенниси, сууда сүзүү, сууга секирүү, спорттук гимнастика, атуу, жаа атуу, теннис, таэквондо, кылычташуу, футбол жана көркөм гимнастика түрлөрү боюнча өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.06.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта ооруу катталып жатат.Кандай болот экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: