Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" Кыргыз Республикасынын 2 миң жараны чыгарылды

Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" кыргыз өлкөсүнүн 2 миң жараны чыгарылды. Бул тууралуу 26-июнда өкмөт жыйынында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов айтып чыкты. Министр "кара тизмеде" Кыргыз Республикасынын дагы 80 миң жараны бар экенин билдирди. "Бул кыргыз жеринен барган мигранттар үчүн чечүү керек болгон негизги маселе" деген министр "кара тизмеден" чыгаруу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
“80 миң жаран Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турса, дагы 194 миң кыргыз жаран потенциалдуу эреже бузуучулардан болуп саналат. Бул маселе курч саясий мүнөзгө ээ, анткени өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кирет, бирок тыюу салынган жарандар Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын бештен бир бөлүгүн түзүшөт. Аларга миграция чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди түшүндүрүү оор болуп жатат. Биздин министрлик "кара тизмеге" кирип калган адамдарды чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө”,- дейт министр.


Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
Аракет кылабыз.
Кабарда алгач катачылык кеткен, бирок кийин түзөтүлгөн.