super.kg logo

Бактыбек Калмаматов: "Бүгүнкү парламенттин мөңгүлөрдүн тагдырын чечүүгө моралдык акысы жок эле"

 
Жогорку Кеңештин 26-июндагы отурумунда парламент Суу кодексине өзгөртүүлөрдү экинчи окууда толук колдоп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жок кылууга жол ачып берди. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары Экономика министрлиги менен Айыл чарба министрлиги чыккан.
Анда экономиканын өнүгүшүнө сезилерлик салым кошкон субъектилерге мөңгүлөргө жакын жерлерде иш жүргүзүүгө уруксат берүү жагы каралган эле. Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар аталган долбоордун кыргыз элине, жаратылышына каршы келген мыйзам экендигин такай айтып келишкен. 23-24-июнь күндөрү лидер Ө.Текебаев, депутат Ж.Сапарбаев маалымат жыйынын өткөрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. "Ата Мекен" фракциясынын жана башка фракциялардын санаалаш депутаттардын аракеттерине карабай бүгүн, 26-июнда парламенттеги 52 депутат Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү толугу менен колдоп берди. Мыйзам долбооруна "Ата Мекен" фракциясынан 15 депутат жана башка фракциялардан прогрессивдүү депутаттар каршы добуш беришти, жалпы 39 каршы добуш берилди. Мисалы: "Ата Журт" фракциясынан депутаттардын 10у макул, 9у каршы болду, "Ар-намыстан" 16 "макул", 6 "каршы", КСДПдан 19 "макул", 2 "каршы", "Республикадан" 7 "макул", 7 "каршы" деген добуш берилген.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ою боюнча, мындай жыйынтыктын болушу толук мүмкүн эле, анткени буга чейин көпчүлүк депутаттар өкмөт чиновниктери тарабынан болуп көрбөгөндөй басымга тушугушкан. Өкмөттү колдогон партиялар бийликтин демилгесин колдошуп, каршылардын добушу аз болуп калды.

"Мына ушул сандардан эле биздин фракциялардын дареметин, эл үчүн канчалык деңгээлде күйгөнүн көрсөк болот. Кимдин ким экендиги ушундай улут үчүн маанилүү учурларда көрүнөт. Ар бирибизде "Абийир" деген улуу журт жашайт. Ага, улутка каршы жасалган ар бир ишти жана аракетти абийир кечирбейт! Биз бул маселени 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун бир маселеси катары референдумга алып чыгышыбыз керек болуп калды окшойт. Анткени мөңгүлөр кол тийгис жана бүткүл адамзаттын көөнөрбөс байлыгы. Бүгүнкү парламенттин элибиздин ушундай түбөлүк мурасына, жаратылыш байлыктарыбызга кол салууга моралдык акысы жок. "Ата Мекен" фракциясы толугу менен каршы добуш берди. Эл байлыгы элге кызмат кылыш керек",- деди эл өкүлү Бактыбек Калмаматов биз менен болгон маегинде. 
Аталган мыйзам келерки жумада үчүнчү окууда каралат. Демек, парламент каникулга кетеринде "Центерранын" колу-бутун толук бошотуп, мөңгүлөрүбүздү четинен талкалоого жол ачып берди окшойт. Баарына абийир күбө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
26.06.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туштон кийин какшанып каласынар! Туштон мурда уайакта журдунор еле
26.06.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurik2103, булар Эртементен бери каршы чыгып келди
26.06.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
баары иш буткондо олумуш болуп калышат
26.06.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин ак могулорубуз ошол центера казган алтындан да кымбат турат ошону билбей жатабы биздин окмот и 52 депутат
Bors түзөттү 26.06.2015 20:03
26.06.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
52 депутат кандай адамдар экени билинип калды эл деп сокпойт алардын жүрөктөрү акча акча деп согот, наалат силерге
26.06.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаев каршы болуп келди эле ушул күнгө чейин, мөңгүлөргө тийбеш керек деп.
26.06.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эт менен челдин ортосунда жургон оз алдынча эч нерсе кыла албаган ким акча бере койсо ошонун таманын да жалаганга даяр болгон айдама 52 депутат сорой эртенки келечек муундун бетин кантип карайсынар.Экинчи эркекпиз деп эр ондонуп суйлобой эле койсонор болот.Эмкиде гейлерди коргогон законду колдоп ошолорго кошулуп алгыла.Алардан эч ойдочулугунор жок ЛГБТлар.
26.06.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айайай((((. Акыркы муз доорунан(10000жыл) бери сакталып келе жаткан монгуну жарым саатта 52 депутат талкалап койдубу((
26.06.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата Мекен озунун бирдей ойдогу бир принциптеги партия экенин корсоткон экен.Ата Журт менен Республика шайлоо алдында эле тузуло калган акчалуулар эле.Ушуга чейин эле монгу эмес бири бирин сатып басып журушот.Ар Намыс болсо соз жок бугун бирди эртен баШканы айта беришет эмеспи. Президенттин партиясына тушунбодум мамлекеттин башында туруп бирдиктуу ойу болбосо биз кимге ишенип журобуз.
26.06.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиркин дуйно...Тунгуюкка бараткандайбыз. Муздак чойро...муздак адамдар...муздак коом
Парламентин да да ушу
27.06.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыры жакшы болсунда. Туура эмес кылдынар 52 депутат
27.06.2015. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын саткыла анан Элди саткыла бар нерсе койосунарбы!
27.06.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Улуу урматтуу кыргыз элим, келе жаткан шайлоодо козубузду чоооон ачып, жакшылап ойлонуп, кыргыз элине кыргыз жерине куйо турган партияга добуш берели. Бул жолкусунда бул биздин бала эле, бул биздин тууган эле,биздин жердеш эле деген нерсени токтотуш керек! Антбесек булар бир эле центеррага алданып жаш балача отурушат. Булар дагы инвестор тартабыз дешет эсли бул кетиште болсо Кыргызстанды торт эле инвестор талкалап жок кылышат. Инвесторду тартса тартсын алар бут мыйзам чегинде иш алып барышы кере
27.06.2015. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
52депутат кетип 39у калса жетет кыргызстан онугот. Макул дегендерге соз жок!
27.06.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын келечегин ойлобогон, жепжутарлардан качан кутулабыз?
27.06.2015. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев кыйын саясатчы колдойм
27.06.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз республикасынын гимнине да кол салышты ак монгулу аска зоолу таалалар элибиздин жаны мн барабар сактап келди биздин ата бабалар бир кундо жок кылышты биздин манкурттар биз эми эмне мн сыймыктанабыз
elgiz0890 түзөттү 2015-06-27 11:17:12
27.06.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрбек Чиркешович президент болуш керек, анан сактап калат.
27.06.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевди колдойм!
29.06.2015. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-бабаларыбыздан калган мурастарды тим эле коюшаптыр да.. Болбогон кагаздар учун намысын, элин да сатып коюуга даяр адамдар бар экенине козум жетти.. Деги ушу бок курсактарга эмне жетишпейт, уй десе уйу бар.. Алган айлыктары башты айландырат, иштебесе деле алып коюшат.. А жонокой эл куну-туну иштесе да андай айлык албайт..
12.07.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Монгу саткан озунду озун сатканга барабар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: