super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: "Абоненттер Viber жана WhatsApp'ты колдонгондугунан уюлдук операторлордун кирешелери төмөндөп жатат"

 
Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун жеке менчикке ("Мегаком") сатуу боюнча өкмөттүн демилгеси каралып жатат. Талкууда депутат Ыргал Кадыралиева бул демилгеге каршы чыкты. "Аталган ишкана жакшы киреше таап жатат. Бул маселе боюнча сурамжылоолор жүрүүдө. Жарандар, айрыкча жаштар бул компанияны сатууга каршы",- деди депутат.
Буга өкмөттүн өкүлү: "Абоненттер Viber жана WhatsApp тиркемелерин активдүү колдонгондугунан уюлдук операторлордун кирешелери төмөндөп жатат. Аталган тиркемелерди колдонуудан бир гана кыргыз өлкөсүнүн эмес, бардык мамлекеттердин операторлору экономикалык жактан жапа чегишүүдө. Эгер "Мегакомду" сатсак, кыргыз тарап утат",- деп жооп берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: