super.kg logo

Вице-премьер-министр: “Өлкөдө мектепке барбаган балдардын санын аныктоочу база жок”

 

"Өлкөдө мектепке барбаган балдардын санын аныктоочу база жок". Мындай пикирин бүгүн, 26-июнда өкмөттө балдарды коргоого арналган жыйындын жүрүшүндө КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө мектепке барбаган балдардын саны 5 миңден 80 миңге чейин экени айтылууда.

Орто окуу жайына барбаган 5363 бала боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатканын сураганымда, Билим берүү жана илим министрлиги расмий түрдө 1245 бала мектепке барбайт деген маалымат берсе, Социалдык өнүктүрүү министрлиги 5363, ал эми Ички иштер министрлиги 80 миң бала мезгил-мезгили менен мектепке барбайт деди. Эмне үчүн ар кандай сандар? Анткени бирдиктүү эреже жок",- деди Ниязалиева. 

Айта кетсек, азыркы учурда калктын жалпы санынын 36,5 пайызын же 2 миллиондон ашыгын 18 жашка чейинки балдар түзөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: