Алмазбек Атамбаев Орусиянын экс-премьер-министри Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын экс-премьер-министри Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.
Мамлекет башчынын телеграммасында: "Евгений Примаковдун акылмандыгы, бөтөнчө жөндөмдүүлүгү жана жеке сапаттары азыркы орус мамлекетинин түптөлүшүндө маанилүү роль ойноду. Анын Кыргыз Республикасы менен Орусиянын соода-экономикалык кызматташтыгына, достугунун бекемделишине кошкон салымы зор. Биздин өлкөдө аны тажрыйбалуу жетекчи, кыргыз элинин чыныгы досу катары жакшы билишет. Өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деп айтылат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Орусиянын мурунку премьер-министри Евгений Примаков бүгүн,
26-июнда 86 жаш курагында каза болду. Ал 1991-1996-жылдары Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматын жетектеген. Андан
кийинки эки жылда өлкөнүн тышкы иштер министри, 1998-1999-жылдары
премьер-министр, 2001-2011-жылдары Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын
төрагасы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0