Ысык-Көл. Ак-Суу районунда окуучулар арасында өткөн республикалык волейбол мелдешин "Салам-Алик" жеңип алды
Ак-Суу районунун Челпек айылында 2-5-ноябрда волейбол боюнча мелдеш болуп, өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан келген жаш спортчулар таймашышты. Бул тууралу Ак-Суу райондук
Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Рысбек Султанбеков билдирди. Маалыматка таянсак, мелдеш мектеп окуучулар арасында өткөрүлдү. Жыйынтыгында борбор шаардан келген “Салам Алик” командасы 1-орунга ээ
болуп, байгеге 12 миң сом алышты. 2-орунду ээлеген Бишкек шаарынан
келген “Динамо Жаштык” командасына 8 миң сом ыйгарылса, 3-орунга арзыган Барскоон айылынын командасы 5 миң сом акчалай утушка ээ болду. Андан тышкары 8
номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталып, кубок жана медалдар да тапшырылды.
Автор: Айзат Анарбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















