super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна иш сапары менен жөнөп кетишти

 

Бүгүн, 25-февралда төрага Асылбек Жээнбеков баштаган ЖКнын депутаттары Баткен облусуна иш сапары менен жөнөп кетишти. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы маалымдады. Эл өкүлдөрү 25-февраль күнү Лейлек районунда болуп, социалдык мекемелердин, жол курулуштарынын абалы менен таанышат жана Исфана шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүшөт. Ал эми 26-февралда Баткен шаарынын, Баткен жана Кадамжай райондорунун жашоочулары менен жолугушмакчы. Иш сапардын алкагында депутаттар Баткенде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынын да өткөрүшмөкчү. Делегация курамында депутаттар Курмантай Абдиев, Назарали Арипов, Ташполот Балтабаев, Жусупали Исаев, Динара Исаева, Ирина Карамушкина, Улукбек Кочкоров, Мурадил Мадеминов, Чолпон Султанбекова бар. Аларды Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, Билим берүү, илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева, Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Баяман жана башка тиешелүү мекемелердин жетекчилери коштоп жүрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: