super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын коргоо боюнча өкмөттүн иши жетишсиз болуп жатканын айтты

 

Өкмөт башчы Темир Сариев 26-июнда өткөн өкмөттүн жыйынында чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын социалдык укуктарын коргоо боюнча өкмөттүн иши жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Темир Сариев бул багытта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги биргеликте иш алып барып, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандардын укугун коргоо боюнча жигердүү аракет көрүү жана башка өлкөлөрдө керектүү кесипте иштеген кыргыз жарандарынын тизмесин тактап, кадрдык резерв түзүү тапшырмасын берди.

Ал эми балдарга карата зомбулук маселеси учурда өтө курч турганын белгилеген премьер-министр бул багытта бардык мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар биргелешип иш алып барышы зарыл экенин билдирди. Балдарга тарбия берүүдө мамлекет менен катар эң негизги милдет ата-энеде экенин Темир Сариев белгиледи. Ошондой эле балдарга каршы зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын координациялык иштеринин начар болуп жатканын белгилеп, өкмөт аппаратынын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Замира Ажыгулова жана Бишкек шаарынын вице-мэри Замирбек Малабековго сөгүш жарыялады. Ошондой эле Кыргыз Республикасында балдарга ырайымсыз мамиленин алдын алуу жана жоюу чаралары боюнча токтом долбоорун кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: