Америка Кубогунда Аргентинанын футболчулары Колумбияны пенальтилер сериясында утуп, жарым финалга чыгышты
27-июнга караган түнү футбол боюнча Америка Кубогунун үчүнчү жарым финалчысы аныкталды. Чейрек финалдык оюндун жыйынтыгында жарым финалга Аргентина курамасы чыкты. Месси баштаган аргентиналыктар бул баскычта Колумбия курамасы менен кез келип, 0:0 эсебинде тең ойношту. Оюндан кийинки пенальтилер сериясында алар атаандаштарын 5:4 эсебинде утушту.
Автор: Максат Кудайбердиев
Оюн учурунда дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Лионель Мессинин соккусун дарбазачы Оспина чыгарып кетти. Көпчүлүк оюндагы ушул эпизодду талдап жатат. Ал эми Месси өзү: "Менин соккума Оспина жетет деп ойлогон эмесмин. Гол жаралбай калганын көрүп, өлгүм келди",- деди.
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган мелдеште 2 жарым финалчы аныкталган. Үй ээси чейрек финалда учурдагы чемпион Уругвайды ээрден оодарса (1:0 эсебинде утту), Перу курамасы Боливияны үйүнө айдады (1:3).
Чейрек финалдагы атаандаштар жана жыйынтыктар:
24-июнь: Чили – Уругвай – 1:0
25-июнь: Боливия – Перу – 1:3
26-июнь: Аргентина - Колумбия - 0:0 (пенальтиден 5:4)
27-июнь: Бразилия – Парагвай
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(4)
Hernandez
27.06.2015. 22:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина чемпион, Месси чемпион
kgz93kg
28.06.2015. 01:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Счёт канча канча болду
kgz93kg
28.06.2015. 01:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия парагвай
kyrgyz.93
28.06.2015. 11:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилияны утуп койду
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















