super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчысы кыргыз юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын юристтери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтердин күнү менен куттуктайм!

Сиздерге жооптуу милдет – жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жүктөлгөн. Кыргыз өлкөсүндөгү демократиялык институттардын жана укуктук мамлекеттин калыптануусу, бекемделиши, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүүсү сиздердин эмгегиңиздерге жараша болот. Укуктук мамлекетти курууга, парламенттик демократияны бекемдөөгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга жигердүү багыт алуусу сиздерден үзүрлүү эмгектенүүнү, кесипкөйлүктү, принциптүүлүктү, объективдүүлүктү жана кынтыксыз ишти талап кылат.

Өлкөбүз үчүн актуалдуу милдеттерди чечүүдө: коррупцияга каршы күрөшүүдө, укуктук нигилизмди жоюуда, мамлекетти өнүктүрүү үчүн сапаттуу мыйзамдарды иштеп чыгууда жана укукту колдонуунун жеткиликтүү практикасын камсыз кылууда сиздер аткарган иштин мааниси абдан зор.

Кыргыз юристтери милдеттерин так аткарып, дайыма жарандардын кызыкчылыгын көздөп, элибизге чын дилден кызмат өтөйт деп терең ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: