super.kg logo

Бакыт Калмаматов, депутат: "Суу кодекси боюнча добуштардын жыйынтыгы кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн кооптуу"

 

Парламентте Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу акырына чыкты. Өкмөткө көз каранды фракция алып чыккан демилгенин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн кооптуу деп атоого болот, анткени 52 добуш - "макул", 39 добуш - "каршы". Акыркы, үчүнчү окуунун алдында эл өкүлдөрү эсине келишет деген үмүт бар.   

Бир нече күн мурун Жогорку Кеңештин өкмөткө ылым санаган фракциялары Суу кодексине каршы тездетилген "чабуулун" баштаганы белгилүү. Шашылыш түрдө аталган мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе тармактык комитетте каралып, экинчи окуудан өттү. Көрүнүп тургандай, өкмөт жан талашып жатат, анткени тиешелүү өзгөртүүлөрдү каникулга кеткиче кабыл алуу тууралуу чиновниктердин канадалык “Центерра” компаниясына берген убадасы аткарылууга тийиш.

Маалыматка таянсак, буга чейин парламенттин депутаттарына жакшы эле басым жасалган. Бул үчүн өкмөт бир катар министрлерди түнү менен айрым депутаттарды бийликке керектүү добушту берүүгө көндүрүү үчүн кыдырууга мажбурлаган. Атүгүл аларды сатып алууга, коркутууга да баргандыктары тууралуу маалыматтар бар. Кыдыргандар айрым депутаттардын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, балдарын, жакындарын окууга, ишке орноштурууга убада берип, көнбөгөндөрүн, тескерисинче, абалын кыйындата тургандыктарын айтканга чейин барышкан.        

Мындан улам каршылык көрсөтпөй тургандары ооруп жатканына карабай төшөктөн туруп келип, добуш берүүгө аргасыз болсо, эки анжы болгондорду күтүүсүз командировкалар күткөн. Айрым эл өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, Жогорку Кеңеште буга чейин мындай басым болуп көрбөптүр. 

Көрүнүп тургандай, бийликтин аракети өз жемишин берди десек болот. Тиешелүү жыйынтык чыкты. Эми парламентти 1-июлга чейин аталган маселени кароого мажбурлап, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда кабыл алып, мыйзамга статус алып берүү далалаты жасала тургандыгынан күмөн жок.     

"Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам" деп кадыресе аталган документ иш жүзүндө республиканын экологиясын жана экономикасын кыйратууга алып келет. Анткени, жаңы талаптарга ылайык, фирманын өз кызыкчылыгы үчүн кен иштетүүдө (сөз канадалык “Центерра” компаниясы тууралуу) мөңгүлөрдү талкалап, кылмышка барышы мүмкүн.  

Өкмөт жана анын сөзүн сүйлөгөн фракциялар парламентте республикадагы салыкты көп төлөгөн компаниянын жемиштүү ишине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү керектигине ишендирүүгө жан талашып, анын кесепеттери тууралуу ооз ачпаганга аракет кылышууда.  

Бул арада парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар депутаттар “Центеррадан” түшкөн кирешенин көлөмү анчалык эместигин көзгө сайып көрсөтүп, өкмөттүн калпын бир нече жолу чыгарды. Албетте, бул уят-сыйытты жыйыштырган операция канадалык компаниянын жана бир катар жогорку жактагы чиновниктердин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгы түшүнүктүү эмеспи. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(24)
27.06.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
52 - си акчасын алып койду да. Бул шермендичилик. Супер инфо - Макул болгондордун тизмесин гезит бетине чыгарып койуунузду суранам. Эл, озгочо шайлоочулары корсун.
27.06.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул бугунку бийликтин ачык жузу.Бийликтин партиясы болуп туруп мындай кылмышка баруу накта жузукаралык.Жылкыдай болуп тойгондо эле кечээкини унутабы.Кечээки эки президенттин тагдырлары буларга дале сабак боло элекпи.Кечээки жуздой адамдын арбагынын алдында карганып Берген антын унуттубу эрте эле .Бири россияда бири белоруссияда журот эми мунусу Туркияны самап калганбы.
27.06.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_1973,
Туура айтасын кууш керек..ЕАЭС мучолоруно казахстан м.н Армения бош..
28.06.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
aidan94ru, Бир кездерде К. Ташиев. С. Жапаров . Б.Мамытов деген депутатарыбыз ушул Кумтор учун оздорун жертва кылышып турмого да отуруп чыгышты эле ошондо эл эч Ким анча колдобой баары аларды жаман атты кылып туруп алдык, азыр ойлосом ошолор эл учун жер учун оздорун элге жаман коргозгон экен аларды да сындырды окмот ушундай курч адамдарыбызды убагында колдошубуз керек. Азыр Текебаевтин командасы оздорун эл учун жертва кылып атат колдойлу колдойлу.
27.06.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_1973, кумтор тубубузго жетпесе болду,улуу заттар сууга аралашса канча мамлекетке акча толоп калабыз.А канадалыктар лысые чыгып кетишет,акча алга чиновниктер качып кетишет,омурунун аягына жеткидей акча топтошсо керек,баарын эле сатып жатышат.
27.06.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сат сат саааат бааааарын сат!52-депутат колдон келсе "колтугундун"жунун сат!
27.06.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир Ата мекен партиясы каршы турат. Оппозиция болгон Республика менен Ата журт партиясы эмнеге унчукпайт!!!
27.06.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо,макулдук бергендердин тизмесин гезит бетине чыгарып койунуздар,эл билсин,ошол адамдарды мактаган шайлоочулары билсин. Элинин келечегинине доокетирген,озунун керт башынын амалын бийик койгондорго акыры бир кун келеер жазасын алатурган. Мин жылдаган ата бабаларыбыздан калган жерлерибиз тоолорубуз тоолорубуздун корку болгон монгусун кайдагы арам акчага сатып тебелетип талкалаткандарды саткындарга, мекенибизде орун жок!
27.06.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата мекен кучтуу партия алга эл сиздер менен бош келбениздер.
27.06.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр баардык соц.сеттерде,интернетжанылыктарында,жада калса арбир элдин оозунда макул деп добушберген саткындар тууралу катуу талкуу журуп бири бирине тартатып жататышат.Кыргыз мамлекетинин жараны болгондуктан,кайдигер карабай жок дегенде супер инфо аркылуу оз ойубузду калтырууга активдуурок болсок. Мумкун сасыган мыйзамы бузулуп калаттыр могулорубузду байлыгыбызды сактап калатырбыз.
edu.kg. түзөттү 27.06.2015 21:57
27.06.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
edu.kg., ыйлагысы келип,айла жок дегендер канча.
27.06.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол добуш берүүнү елге койуп берсе кана, какшап какшап комент да жазгым келбей калды, ушул жанылыкты окуган сайын ичим күйөт, ичим күйгөнүнөн арак ичип отурам. Эгер үчүнчү окуудан да өтүп кетсе алкаш болуп кетемго бул кетиште.
Жоош үйдү коногу, бийлей берсе болобу.
Тоо мөнгү сурап центтера, сүйлөй берсе болобу.
Конок койдон жоош дейт, сый жолу менен бололу.
28.06.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurik2103, tuganym arak ichsen jenilebiz,kel andan koro duba kylaily. Kapalanba tuganym baary jakshy bolot in sha Allah
27.06.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тизме порталдын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыккан, ушул шилтеме аркылуу кирсеңер болот.
http://www.super.kg/kabar/news/117079/

Нурик, мекениңиз үчүн күйүп жатканыңыз жакшы, бирок арак ичпей эле коюңуз, ээ...
27.06.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул макул болуп Центаранін таламін талашкан депутаттардін аті жонун жаттап кокурокко сактап койгула. Булардін эшеги ілайдан ото элек. Эртен эле торт айдан сон парламентке шайлоо болгондо, дал ушул "сатармандар" бар партияларді шайлообоого чакірамін. Булар оздоруно оздору ор казішууда...
:))
28.06.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул депутаттарга баары бир болушунча акчаны басышты кунжуруна. Кокус катуу жер титироо же дагы башка жаратылыш кырсыгы болуп кеттсе ционид уулу калдыктар 4000метр бийиктиктен же Ыссык -Колго же Нарын суусуна кошулушу толук мумкун. Анан элестеткиле свет жок отурсак колго тушойун десен ционид болсо. Жадакалса ушу турган колго бир жылда бир барганга же убакыт же каражат жок. Анан Анталияга Мальдивыга баралабызбы. Депутатар баралат, баарын сатышты колдунда нарын суунунда керги жок аларга. Акмактар.
28.06.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чогулуп туугандар буларды ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-29 13:13:25
28.06.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ormon, монгулор учун курошушубуз керек, ХХХ ХХХ ХХХ... балким али да кеч эмес,балким мыйзамды иштетпей койгонго мумкунчулугубуз жетет.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-29 13:13:41
29.06.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ormon, gulmi - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
28.06.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлагын эле келет да ичин ачышып ата мекенин учун! Айдаш керек мындай арам оокат, жузу караларды! кантип кантип оз мекенин озу туулган жерин сатканы жатышат? !
28.06.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балык башынан сасыган туугандар
28.06.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн эле кызыгы 5миллион калктын тагдырын 59 депутат чечип калганбы эмнеге келечек муундарыбыздын тагдырын аларга салып беришибиз керек келгиле бирге ойлонолу биз да Африка болуп калбайлы ГАНА деген мамлекет бар Африкада алардын кен байлыгын корунгон мамлекет келип окмот башчыларынан сатып алып ташып кетишет экен ал эми карапайым калк токойдогу азыктар менен гана жашашатэкен ал эми чновниктер биздин депутаттарга окшоп сайрандап журушот экен эгерде биз да ушинтип оозубузду ачып отурсак АФРИКА
28.06.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак монгусун талкалап бу мекендин.
Эээй депутат эмне мынча кекендин.
Арзыбаган акча учун сатылып.
Калба бир кун каргышына шешендин.
tairermatov түзөттү 28.06.2015 20:11
28.06.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул макулдугун берген жепжутарларды эл шайлаган.Керек болсо окмотту дагын президенти дагын бийлике 7 апрель 2010ж эл алып кельген.Эгерде жепжутарлар окмот мучолору жана президент ушул мыйзамга кол коюшса анда Армениянын эли сымал каршылык акцияны откузуго аргасыз болобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: