Армения. Митингге чыккандардын басымы күчөп, элдин саны рекорддук көрсөткүчкө жеткени айтылууда

27-июнга караган түнү Ереван шаарында электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразычылык акциясына чыккандардын саны кыйла артты. Ошол эле учурда бийлик көзөмөлдү күчөтүп, тартип сакчыларын көбөйткөн. Жалпысынан бул күнү акцияга катышкандардын саны 10 миңден кыйла ашкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, 19-июнда башталган митинг алкагында мынча эл чогула элек болчу. Ошентсе да акция тынч маанайда уланып жатат.
Кечээ өкмөт нааразычылык акциясына чыккандардын талабын аткаруудан баш тарткан.
Кошумчалай кетсек, элдин толкунуна алып келген маселе - электр энергиясына болгон баа. Армения ушул жылдын башында Бажы биримдигине кирген. Армениянын Коомдук кызматтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясы 17-июнда электр энергиясына болгон бааны бекиткен. Бул чечимге ылайык, калк 1-августтан тарта 1 киловаттка 6,93 драм кымбат төлөп баштайт. 1 драм 13 тыйынга барабар экенин эске алсак, баа 89 тыйынга кымбаттаган (же болбосо 16,7 пайыз).










1 |