super.kg logo

Талас облусунда 18 миңден ашуун адам мамлекеттик жөлөк пул алат

 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев өткөн аптанын соңунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар үчүн тигүү боюнча курстар өтүлүп жаткан долбоордун алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунда болду. Бул тууралуу 29-июнда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта 16 тургун жаңы кесипти өздөштүргөн. Иш сапардын жүрүшүндө министр селден коргоочу Иманбек атындагы каналды тазалоо иштерине да күбө болду.

“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан 200 миңге жакын адам коомчулуктагы пайдалуу иштери үчүн долбоордун алкагында колдоого ээ болот. БУУнун жаңы долбоору буга чейинки ун менен майдын гуманитардык жардам катары таратылганынан айырмаланат. Эми жергиликтүү тургундар көпүрө куруу, каналды тазалоо, бак-дарактарды отургузуу сыяктуу иштерге жардамга тартылышат”,- деди ал.

Мындан сырткары Кызыл-Адыр айылындагы улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин энелери менен жолугушуп, үч инвалиддик колясканы тапшырды. “Жалпысынан Талас облусу боюнча 18 миңден ашуун адам мамлекеттик жөлөк пул алат. Алардын 4,6 миңи Кара-Буура районунда жашап келишет”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: