super.kg logo

27-июнда Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жайкы сезонунун жабылыш салтанаты өттү

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү 27-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Темир Сариев аталган театрдын имараты жана иши менен таанышты. Учурдагы өкмөт маданий жайлардын абалын оңдоого өзгөчө көңүл бурарын билдирген премьер-министр театрдын имараты тезинен оңдоого муктаж экенин белгиледи. Бул үчүн театр жетекчилигине тез арада имаратты оңдоо боюнча долбоор даярдоону тапшырып, анын негизинде өкмөт маданий жайдын имаратын оңдоого жана жарык берүүчү аппараттарды алууга каржы бөлөрүн убада кылды.

Андан соң Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жайкы чыгармачыл сезонунун жабылышынын алкагында Жузеппе ВердининТравиата” операсы көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: