super.kg logo

Тайванда аквапарктагы жарылуудан жаракат алгандардын саны 500дөн ашты

 

Тайвандын Синьбэй шаарындагы аквапарк жарылып, жаракат алгандардын саны 500дөн ашты. Бул тууралуу 28-июнда жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, жабыр тарткандардын саны 516 адам болсо, алардын 194ү оор абалда. Көпчүлүгүнүн денесинин 50 пайызы күйгөн. Жаракат алгандар 39 ооруканага жайгаштырылды. Бийлик өкүлдөрү жакынкы төрт шаардагы бейтапканаларга жаракат алгандарды кабыл алууга даяр туруу буйругун берди. Жарылуу ишемби күнү Formosa Water Park аквапаркында дискотека болуп жаткан учурда орун алган. Бий аянтчасында өңдөрдүн майрамы белгиленип, катышуучулар салт боюнча бири-бирине упа сымал боёкторду ыргытышып жатышкан. Сахнада түркүн түстөгү түтүнгө окшош атайын эффекттер адамдарды курчагандан кийин белгисиз себептен жарылуу болуп, өрт чыккан. 






Тайванда клубдан чыккан өрттөн улам адамдар жабыркашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
29.06.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын жазасы бул!
29.06.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх кайдагы салт шайтандын оюну. Аллахым озу сактасын Бизди мындай нерселерден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: