super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Ак үй алдында "Кумтөрдөгү" мөңгүлөрдү талкалоого каршы митинг өтөт

 
Бүгүн, 29-июнда Ак үй алдында "Кумтөрдөгү" Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоого каршы митинг өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков кабарлады. 
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш буга байланышкан “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун өткөн жумада 2-окууда жактырган. Документке 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берген. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, "Кумтөрдө" алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: