super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков депутаттарды "Кумтөрдөгү" мөңгүгө байланыштуу популизмдик кылбоого чакырды

 

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков фракциянын атынан "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдү талкалоо боюнча билдирүү жасады.

"Азыркы кезде Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча коомчулукта катуу талкуулар жүрүп жатат. Биздин фракция Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү боюнча популизмге алдырбай чечим кабыл алуу зарылдыгын өкмөткө билдирди. Мөңгүлөр боюнча ар кандай варианттарды талкууладык. КСДП фракциясы өкмөттүн стратегиялык жактан иштелип чыккан демилгелерин ар дайым колдоп келет. Тобокелчиликтерди байкасак, премьер-министрге "ар бир маселе боюнча биргелешип шайкеш келген жолдорду табуу керек" деп айтабыз. Айрым кесиптештерибиз аталган мөңгү маселесинен саясий упай топтоого аракеттенгени көрүнүп турат.

Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн 1994-жылдан бери ушундай абалга жеткенине мурдагы бийлик, мурдагы парламент күнөөлүү. Лысый жок болду, Давыдовдун жарымы жок. Ошондуктан кесиптештерибизди популизмден алыс болууга чакырабыз",- деген Турсунбеков "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарынын мөңгүлөр боюнча айткан пикирлерин сындады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: