super.kg logo
  Саясат  

Турак жайды өрттөн милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Бул мыйзам долбоору өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайлардын бузулушу же жок болушу менен байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максаттарында иштелип чыккан.

Демилгечи депутат Алла Измалкованын айтымында, Кыргыз Республикасынын аймагында өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайды милдеттүү камсыздандырууну ишке киргизүү сунуш кылынып жатат, анткени келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу өлкөбүздүн бюджетине чоң оордук келтирүүдө. "Азыркы учурда өлкөдө жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөргө карата болгон муктаждык 1 миллиарддан ашуун сомду түзүп жатат. Камсыздандыруунун бул түрүнүн ишке киргизилиши жан бактылык мүнөзү бар жарандардын санынын азайышына жана өздөрүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруунун принциптери менен коргоого өтүшүнө алып келет",- дейт Измалкова.

Жыйынтыгында долбоор 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: