super.kg logo

Иштен чыгып калган №25-мектептин мугалими: "Бизди башка мектепке которгондо 50 мугалимдин 25и жумушун таштады"

 
Бишкектеги №25-мектеп 2 жылдан бери иштебей турат. Бул мектептин мугалимдери жана окуучулар 3 мектепке которулган (№47, №7, №74-мектептер). Бирок башка мектепке баргандан баш тартып, 50 мугалимдин 25и жумушун таштады. Мындай маалыматты бүгүн, 29-июнда маалымат жыйынында аталган мектептин тарых мугалими Токтокан Качиева билдирди. 
"Ишин таштаган мугалимдердин көбү мол тажрыйбага ээ болчу. Мен аларды карап туруп кейип кетем. Мамлекетке мындай тажрыйбалуу мугалимдер керек болчу. Калган мугалимдер жана окуучулар №74-мектепте "квартирант" сыяктуу жүрөбүз",- дейт ал.   
Кошумчалай кетсек, бул мектеп 2013-жылы авариялык абалда деп табылып, окуучулар 3 мектепке бөлүнгөн. Жакындыгына карап, окуучулардын басымдуу бөлүгү №74-мектепке которулган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: