Ош. Амир-Темирдеги 95 орундуу балдар бакчасы август айынын соңунда ачылат



Амир-Темирдеги 95 орундуу балдар бакчасы Эгемендүүлүк күнүнүн урматына ачылат. Бул тууралуу 29-июнда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, курулуш иштеринин тендердик баасы 42 миллион 778,2 миң сомго барабар болгон. Азыркы тапта эки кабаттуу, 95 орунга ылайыкташкан заманбап балдар бакчасы пайдаланууга берилүүгө даяр.
Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев бүгүн жаңыдан пайдаланууга берилмекчи болгон балдар бакчасына барып, андагы курулуштун сапаты мэрдин купулуна толуп, Эгемендик күнгө карата балдар бакчасын пайдаланууга берүүнү табыштады.
Эске салсак, 2014-жылы “Шоола-Үмүт”, “Акылай” аттуу 2 балдар бакчасы, 2015-жылы Жапалак айылына курулган 120 орундуу “Актан” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Ошондой эле Гүлбаар-Төлөйкөн айылына да 2 кабаттуу, 90 орундуу балдар бакчасы курулуп жатат. Курулуштун сметалык баасы 20 миллион 400 миң сомго бааланып, мэрия тарабынан 8,5 миллион сом каржыланууда.




1 |