super.kg logo
  Саясат  

Борбордо “Кыргызстандын тергөө кызматында ДНКны колдонуу мүмкүнчүлүгү” аттуу иш-чара өттү

 

22-февралда Бишкек шаардык ИИББинде “Кыргызстандын тергөө кызматында ДНКны колдонуу мүмкүнчүлүгү” аттуу иш-чара өткөнүн аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чарага Бишкек Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев жана “Биочип технологиялары” ишканасынын директору Сабырбек Дубанаев катышты. “Кылмышка шектелип кармалган адамдын окуяга тиешеси бар экендигин анын ДНКсы 99 пайыз аныктап берет. Жыл сайын жүздөгөн адамдар жоголуп же маркумдун денеси табылганда бир кыйла убакытка чейин анын ким экендиги такталбай келет. Ушундай учурларда ДНКнын экспертизасы чоң жардам болмок. Ал үчүн адамдын чачы, терисинин бир бөлүгү же шилекейи эле керек. Бүгүнкү күндө биздин эксперттер адамдын ДНКсын чет өлкөдөн текшертүү үчүн 500-1500 доллар төлөшөт. Эгерде Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк болсо, ал 3000-4000 сомду гана түзмөк”,- деди Дубанаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: