super.kg logo

Таштандыга болгон тарифтерди пенсионерлер үчүн мурункудай калтыруу сунушталууда

 

Таштандыга болгон тарифтерди пенсионерлер үчүн мурункудай калтыруу сунушталууда. Муну бүгүн, 29-июнда журналисттерге Бишкектин вице-мэри Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, учурда калк үчүн таштандыны чыгарууга жана көмүүгө болгон тарифтер 22,5 тыйын болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Бишкекте жашаган пенсионерлердин саны 75 500дү түзөт. Алардын ичинен 36 000 пенсионер 5 миң сомдон ылдый жөлөк пул алат. Дал ушул категориядагы калктын катмары үчүн тарифтер мурункудай 4 сом бойдон калтырып, 18,5 сом айырмачылык жергиликтүү бюджеттин эсебинен эсептелиши мүмкүн”,- деди вице-мэр.

Айта кетсек, таштандыга болгон тарифтерди 50 пайызга көтөрүү боюнча долбоор учурда каралууда. Эгер ал ишке ашса, анда 1-октябрдан тарта юридикалык жактар үчүн тарифтер 150 сомдон 225 сомго көтөрүлөт. Ал эми калк үчүн 22,5 сом болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: