super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин жыйынында бир адамга персоналдуу жеке номерди ыйгарууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

 

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жарандарды жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Эркин Сакебаевдин баяндамасына ылайык, мыйзам долбоору «1 адам - 1 паспорт - 1 ПИН» принцибинде документ берерде жеке идентификациялык номер ыйгарууну тартипке салууга багытталган. Мыйзам долбоору менен Социалдык фонддун жеке идентификациялык номерди ыйгаруу боюнча иш-милдетин Мамлекеттик каттоо кызматына берүү сунуш кылынат.

"Жалпысынан сунуш кылынган мыйзам долбоору бир адамга бир персоналдык, жеке номерди ыйгарууну максат кылат. Анткени персоналдык жеке номерди алмаштыруу ар кандай түрдөгү коррупциялык жагдайларды пайда кылышы мүмкүн, издөөдө жүргөн жарандарды, ошондой эле экстремисттерди, чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча кооптуу жагдайларга алып келиши ыктымал жана мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет",- деди Сакебаев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: