super.kg logo

Коомдук активисттер Мамлекеттик мүлк фондунун башчысынын жумуштан кетишин талап кылышууда

 

Бүгүн, 29-июнда маалымат жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин өкүлү Уран Рыскулов "Мамлекеттик мүлк фондунун башчысынын жумуштан кетишин талап кылабыз" деп билдирди. Анын айтымында, “Мегаком”, “Кара-Балта спирт заводу”, “Дастан” жана башка ишканалар сатылганы жатат.

Бул туура эмес. Эмнеге биздин стратегиялык объектилер сатылышы керек? Мунун баарын Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Алмаз Кадыркулов жасоодо. Бул адам буга чейин да көптөгөн жерден статья менен жумуштан айдалган. Мисалы, 2009-жылы 5 адам, анын ичинде Кадыркулов Директорлор кеңешинде турган кезде “Манас” аэропортундагы Отун-таратып берүү комплексинде мыйзамсыз иштерге барган, мунун кесепетинен мамлекетке 100 миллион сомго зыян келтирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын күнөөсү табылган. Ленин районунун сотунун чечими менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Жамгырчиев жана Гуревич (алар качып кеткендиктен) сыртынан 15 жылга кесилген. Түшүнүксүз себептерден улам Алмаз Кадыркулов жоопкерчиликке тартылбай калган.

Ошол эле 2009-жылы Билим берүү министрлигинде орун басар болуп турган кезде "Континент" компаниясы менен мыйзамсыз тендер өткөзүп, мамлекетке 80 миллион сомго зыян келтирген. Мындай адам эми кантип мамлекеттик бийликти башкарып отурат?

Биз президентибиз Алмазбек Атамбаевге кайрылабыз, Кадыркуловду кызматынан алсын”,- деди коомдук активист. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: