super.kg logo
  Саясат  

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Ашыровго сөгүш берилди

 

Премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматы жана өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышкан окуяны териштирүү тапшырмасын берди. Сариев өкмөттүн 27-июндагы жыйынында күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгилеп, мындай окуяларга жол бергени үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыровго сөгүш жарыялады.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге түзүлгөн кырдаалды тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды.

Премьер-министр иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин эскертти.

Эскерте кетсек, жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышканын УКМК жарыялаган. Кененирээк бул жакта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: