"Чет өлкөлүк жарандын документин өзгөртүп берген" деген шек менен Токмоктогу мекеменин кызматкерине кылмыш иши козголду
Токмок шаарындагы Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 29-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн башчысы Д.Г. 2013-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Казакстандын жаранынын туулган жылын жана атасынын атын өзгөртүп, туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берген.
Факты боюнча 17-июнда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "КРнын жарандыгын тастыктоочу паспортту мыйзамсыз берүү, документтерге мыйзамсыз өзгөртүү киргизүү", "мамлекеттик бланктарды, сыйлыктарды жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.