super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кыргыз жериндеги шарттары тууралуу макулдашууга кол коюлду

 

Бишкекте 26-июнда кыргыз өкмөтү менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ортосунда фонддун кыргыз өлкөсүнүн аймагында болуу шарттары тууралуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун максаты - фонддун кыргыз жеринде иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Каржы министрлигинин билдиришинче, документке каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметова кол койду.  

“Эл аралык уюм жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 24-ноябрындагы “Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жөнүндө” макулдашууга ылайык, фонд эл аралык укуктагы субъект статусуна ээ. Ушул макулдашуунун 6-беренесин жетекчиликке алып, бүгүн биз Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл аралык уюм катары фонддун функционалдык укуктарын жөнгө сала турган документке кол койдук”,- деп билдирди Ахметова.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: