super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Кумтөрдөгү" ишин азыркы абалда улантууга "Центеррага" дагы 3 ай бергени жатат

 
Өкмөт "Центеррага" "Кумтөрдөгү" ишин азыркы абалда улантууга дагы үч ай убакыт бергени жатат. Тийиштүү мыйзам долбоорун өкмөт бүгүн, 29-июнда түштөн кийин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен өздүк булагыбыз кабарлады. Өкмөт сунуштаган бул демилгеге ылайык, канадалык "Центерра" компаниясы "Кумтөрдө" карьердин үстүнө жылып түшкөнү жаткан мөңгүнү улам кесип алып, башка жакка жылдыруу укугун алмакчы. 
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Центерра" компаниясы алтын казуу үчүн кенди басып калуу коркунучун жараткан мөңгүнү башка жерге көчүрүп, иштеп жатканын айткан. "Ал эми аны мыйзамдуу жол менен жүргүзүү үчүн өкмөт “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун аргасыздан сунуш кылууда. Болбосо, "Кумтөр" 6-июлда ишин токтотот",- деген Сарпашев. 
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого жол берчү мыйзамга добуш берүүдөн баш тартты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: