super.kg logo

"Жарык шаар" долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөр жарыктандырылат

 

“Жарык шаар” долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы 200дөн ашуун көп кабаттуу турак жайлардын короолору жарыктандырылат. Учурда шаардагы Токтогул тар көчөсүндөгү 6 жана Спутник шаарчасынын Манас кең көчөсүндө жайгашкан 4 көп кабаттуу үйгө жарыктандыруу лампалары орнотулду. 

Мындай иш-чараны кубануу менен кубатташкан шаардагы С.Акбаров көчөсүндөгү №8-көп кабаттуу үйдүн жашоочулары дагы кайрылышып, бул жерлер да “Жарык шаар” долбооруна кошулду. Партиянын Жалал-Абад шаарындагы координатору Майрамбек Адылбековдун айтымында, алгач жашоочулар менен жолугушуп, долбоордун максаты жана шарттары менен тааныштырып, жашоочулардын макулдугу жана кайрылган арыздын негизинде кабыл алынып, андан кийин гана жарыктандыруу иш-чаралары жүрүүдө. Ошондой эле шаар боюнча мындай көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын "Жарык шаар" долбооруна кошулуу үчүн кайрылышууда.

"Жалал-Абад шаары мындан 30 жыл мурдагы абалына келип, шаар ичинде жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында күндүзгүдөй жарыкта жүрүп калдык. Бул аракет абдан жакшы демилге болду. Анткени жарык көчөлөр ар кандай коомдогу терс көрүнүштөрдү кескин түрдө кыскартууга жакшы натыйжасын берет деп ишенебиз. Бул үчүн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясына чоң рахмат айтабыз",- дейт Жалал-Абад  шаарынын тургуну Зульфия Ботобаева

Эске салсак, “Жарык шаар” долбоору “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен борборубуз Бишкек шаарынан башталып, учурда өлкөнүн бардык район-шаарларындагы көп кабаттуу үйлөрдү кучагына алууда.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: